БИШКЕК, 29-сен. – Sputnik. Жума күнү өлкөдө жаан-чачын жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Бишкекте күндүз жаан жаайт, 17…19 градуска чейин жылыйт. Ал эми Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 20… 22 градуска чейин көтөрүлөт.
Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын болбойт.