БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Рамзан Кадыровдун кайрадан президент болуп шайланышынын урматына Чеченстанда 12 жуп бир убакта үйлөнүү үлпөтүн өткөрүштү. Бул тууралуу Грозный шаарынын мэриясы билдирди.
Борбор калаанын "Грозный" кабыл алуу үйүндө өткөн той мэрия тарабынан уюштурулуп, чечендердин салты менен өттү.
Эске сала кетсек, Чеченстанда 18-сентябрда аймактык шайлоо өтүп, Рамзан Кадыров кайрадан президент болуп шайланган. Ага шайлоого келген элдин 97,94 пайызы добушун берген.