БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Жекшембиде ала булут каптап, бирок жаан жаабай тургандыгын Кыргызгидромет билдирди.
Бишкек шаарында түнкүсүн 10…12, күндүз 24…26 градус жылуу болот. Ош шаарында да жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 16…18 градус, күндүз 28…30 градус жылуу болот.
Республиканын калган аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан жаабайт.