Шаршембинин түнүндө Бишкекте жол кырсыгы катталып, жүргүнчү ташыган маршруттук такси аласалып кеткен. Андан тогуз адам жабыркап, ичиндеги жаш кыздын тарамыштары жанчылып калгандыктан колун кесүүгө туура келген. Учурда айдоочу камакка алынып, кырсыктын чоо-жайы тергелип жатат.