00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эксперт: Кыргызстанга кайткан мигранттарды радикалдык топторго тартуу оңой

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүВокзалдагы мигранттар
Вокзалдагы мигранттар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Астана шаарында Борбор Азиядагы миграция маселелери атайын жыйында талкууланып, ага Кыргызстандын миграция кызматынын өкүлдөрү жана эксперттер катышты/

АСТАНА. 20-сен.— Sputnik. Кара тизмеге кирип калган мигранттар радикалдык топторго оңой тартылып кетүүчү аярлуу катмар болуп турат. Мындай пикирин эксперт Маметбек Мырзабаев Астана шаарында өткөн жыйында билдирди.

Анын айтымында, Миграция боюнча эл аралык уюмдун колдоосу менен Кыргызстанга кайра катып келип жаткан мигранттардын абалы изилденген.

Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигранттар өлүмү: жумушсуздукту жоюу боюнча депутаттардын убадасы
"Жылдын башынан тарта Кыргызстан боюнча үч изилдөө жүргүздүк. Биринчиси миграциянын социалдык экономикалык аспектиси же кара тизменин миграцияга таасири. Экинчиси, социологиялык изилдөө болду. Мигранттар арасында баарлашуулар жана фокстук топтор уюштурулду. Изилдөөгө катышкандардын 90 пайызы Россиянын кара тизмесине киргендер. Алар кайтып келгенден кийин, жумуш таап жатабы деген суроолорго жооп издедик. Үчүнчүсү, кара тизмеге түшкөн мигранттар арасындагы радикалдашуу маселеси турат", — деди Мырзабаев.

Эксперттин пикиринде, изилдөөнүн жыйынтыгы Кыргызстанга кайтып келген мигранттардын саны өскөндүгүн, жана аны менен бирге алар үй-бүлөдөгү бөлүнүп-жарылуу, жумушсуздук сыяктуу көйгөйлөргө туш болуп жаткандыгын көрсөткөн.

"Кыргызстанга келгендер жумуш таба албай жатышат. Үй-бүлөнүн бир мүчөсү Россияда, экинчиси Кыргызстанда калып, ажырымга учураган учурлар катталууда", — деди ал.

Мырзабаев чет өлкөдө жүргөн мигранттардын Кыргызстанга кайтып келгенден кийинки жашоосуна мамлекеттик деңгээлде кам көрүү керек деген пикирин айтты.

"Мамлекет Кыргызстанга кайра кайтып келген мигранттарды интеграциялоонун жолдорун али ойлоно элек. Ал эми Тажикстанда мигранттар каттоого алынып, алар үчүн атайын программалар иштелип чыгууда", — дейт эксперт.

Мырзабаев, изилдөөлөрдүн жыйынтыгында кара тизмеге кирип калган мигранттардын радикалдык топторго оңой тартылып кетүүчү аярлуу катмар экени тастыкталганын да кошумчалады.

"Мындай адамдар мамлекетке таарынгандар. Социалдык тармактарды колдонбой, обочолонуп, өздөрүн коомдон алыс кармап турат жана тартынышат. Кара тизмеге кирип калганын айткандан тартынган мигранттар бар. Алар эл алдында жолу болбогон, ордун таппаган адам катары көрүнүп калам деп ойлошот. Аз да болсо мигранттардын арасында маргиналдашуу бар", — деди Мырзабаев. 

Эксперттин айтымында, чет өлкөгө кетип жаткан мигранттар кабыл алуучу өлкө тууралуу толук маалыматтын жоктугунан улам түрдүү кыйынчылыктарга кабылып жатат.

Куралчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда террористтердин ата-энесин жазалоо сунушталып жатат
"Мамлекет миграцияга өзгөчө көңүл бөлүшү зарыл, себеби мигранттар өзүн эле эмес, мамлекетти да багууда. Алар кетти, кутулдук деп ойлобош керек. Кетип жаткандарга да маалымат берилиши керек. Башка өлкөгө чыккан мигранттарыбыздын көп учурда жада калса бара турган жери туурасында маалыматы болбойт. Ал тургай көчөдө түнөп калган учурлар изилдөөлөрдө белгилүү болду", — деди ал Мырзабаев. 

Бейрасмий маалыматтарда мигранттардын толкуну көп агылган Россияда бир миллионго чукул кыргызстандык мигранттар бар экендиги айтылып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0