БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Мындан ары шайлоодон жеңип чыккан партиялардын тизмесин саясий кеңештер өзгөртүүгө укук алат. Аталган демилгени камтыган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтына илинип, коомдук талкууга коюлду.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелегендердин бири "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине өзгөртүүлөр тууралуу айтып берди.
"Өзүңүздөр билгендей, учурдагы мыйзам боюнча депутаттар парламентке партиянын тизмеси менен келет. Анан алардын катарында тиешелүү добуш албай туруп эле эл өкүлү болуп калгандар бар. Алар эреже боюнча мандат албаш керек. Тилекке каршы, тизмектен чыкпай, депутат болуп жатат. Ушул маселени чечүү жана партиянын ички тартиптерин сактоо максатында саясий кеңеш бир жолу тизмекти өзгөртүүгө укуктуу болот", — деди Казакбаев.
Ал мыйзам долбоордо парламентке өтүү босогосун 7 пайыздан 10 пайызга көтөрүү каралып жатканын кошумчалады.
"Учурда 300дөн ашуун партия каттодон өткөн. Алар шайлоо алдында чачылып, ар ким өз районунда гана добуш алып жатат. Башка райондордо болсо өкүлчүлүктөрү жок. Ошондуктан майда партиялардын биригип, күчтүү болуусу үчүн аталган мыйзам долбоорун демилгелеп жатабыз", — деди депутат.
Ал соттун чечими менен оперативдүү-алдын алуучулук эсепке коюлган жарандар талапкер катары каттала албай тургандыгын айтты.
"Практика көрсөтүп жаткандай уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү соттолуп, акталып чыккан болсо да элдин элегинен өтүп, парламентке келүүдө. Ушул маселени чечүү үчүн соттун чечими менен оперативдүү-алдын алуучулук эсепке коюлган жарандар талапкер катары каттала албайт деген норма киргизилүүдө", — деди эл өкүлү.
Мындан сырткары мыйзам долбооруна ылайык, шайлоочулардын тизмесин шайлоо күнүнө 30 күн калганда тактоо, шайлоо участкаларына диагоналы 1 метр болгон мониторлорду орнотуу (шайлоочунун сүрөтү даана көрүнүүсү үчүн) жана шайлоо өнөктүгү учурунда партияга иштегендерди салыктан бошотуу демилгеси көтөрүлүүдө.
Анткен менен буга чейин "Кыргызстан" фракциясынан депутат болуп келип, кийинчерээк мандатынан ажыратылган экс-депутат Урмат Ишенбеков бул кадам туура эмес деген ойдо.
"Бизде партиялык система жаңы гана бир нукка түшүп жатат. Ошондуктан кемчиликтер арбын. Эл шайлоо алдында партиянын программасына жана тизмесине карап добуш берет. Анан шайлоо өткөндөн кийин тизмекти алмаштырып жиберүү туура эмес болуп калат. Маселени үстүртөн караган акылга сыйбайт. Эгерде эл партиянын программасына эмес, талапкер үчүн добуш берген болсо, анда элди алдаган болот да. Партиянын программасына добуш берген болсо башка кеп. Ошондуктан жакшылап кароо керек", — дейт Ишенбеков.
Ал эми депутат Дастан Бекешов ЖКга өтүү босогосун көтөрүүнү колдой тургандыгын, ал эми тизмени өзгөртүүгө каршы экендигин айтты.
"Парламентке өтүү босогосун 10 пайызга көтөрүү демилгеси эки жыл мурун эле көтөрүлгөн. Ал учурда мен колдогон эмесмин. Ал эми бүгүнкү күндө колдоого алам. Себеби учурда майда партиялар көбөйүп кетти. Алар биригишсе жакшы болот. Ал эми БШКга берилген тизмекти саясий кеңештин өзгөртүүсүн колдобойм. Анткени ал жерде саясий оюндар болуп кетиши мүмкүн. Акчаны көп бергендер алдыга жылып калат да. Мен РАЖ партиясын жакшы түшүнүп турам. Буга чейин бул жаатта көйгөйлөрү болгон. Партияга мүчөлөрдү кабыл алууда жакшылап караш керек да", — деди Бекешов.
БШКнын мурунку жетекчиси, саясий серепчи Акылбек Сариев болсо ЖКга өтүү босогосун 10 пайызга көтөрүү демилгеси партиялардын парламентке өтүүсүнө тоскоолдук кылуу үчүн жасалып жатат дейт.
"Жогорку Кеңешке өтүү барьерин 7 пайыздан 10 пайызга көтөрүү аракети парламентке көбүрөөк партияны өткөрбөй коюнун эле айласы. Мунун арты менен ЖКнын курамы жакшырып же жаман болуп кетпейт", — деди Сариев.
Белгилей кетсек, "Республика — Ата-Журт" фракциясы ЖКнын алтынчы чакырылышына депутат болуп келген бир канча адамды мандатынан ажыраткан. Мындай көрүнүш "Кыргызстан" фракциясында да катталып, алар да бир канча эл өкүлүн парламенттен четтеткен.