БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулуна таандык "Ата керээзи" тасмасы Канаданын Монреаль шаарында өткөн кинофестивалда өз номинациясы боюнча баш байге — "Алтын зенитке" ээ болду. Бул тууралуу Кинематография департаменти кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган фестиваль 25-августта башталып бүгүн аяктады. Кыргызстандык тасма "Алгачкы фильм" номинациясы боюнча ат салышкан.
"Ата керээзи" Монреалда 30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү көрсөтүлгөн. Натыйжада канада, италия жана франциялык кино ишмерлеринен турган калыстар тобу баш байгени кыргызстандык тасмага ыйгарууну чечишкен.