Тайырбек Сарпашев: Атамбаев 2,7 гектар жерди 33 миллион сомго сатып алган
Президент сатып алды деп жаткан жердин тарыхы 2000-жылдарга барып такалат. Ал жер Ибраимовага чейин Табалдиев, Укуев аттуу жарандарга таандык болгон.
"Анарбек Укуев аттуу жаран 2012-жылдын 11-апрелинде "Дастан" заводунан келишим менен 2,4 гектарды 22 миллион 537 миң 900 сомго сатып алган. 2015-жылдын 19-мартында Укуев Ибраимовага 2,4 гектар жерди 24 миллион сомго саткан. Ибраимова Табалдиев деген жарандан дагы 30 сотых жер сатып алган. 2015-жылы 7-майда Ибраимова Мамкаттоого кайрылып 30 сотых жер менен 2,4 гектар жерди кошуп туруп бир китеп алган. Ошентип жердин аянты 2,7 гектарга чыккан", — деди Сарпашев.
Ал ошондой эле бул жерди Ибраимова 2015-жылы Алмазбек Атамбаевге 33 миллион долларга сатканын билдирди.