Темир Сариев, мурдагы премьер-министр
Бунтарь экендигин өзү дайыма айтчу. Ал көптөргө кашкайтып бетке айткандыгы менен жакчу. Мелис менен баары, өзгөчө саясатчылар эсептешип турчу. Анткен менен талуу, алсыз жактары да бар эле. Эрте кетип калды жашоодон. Мага кээде Мелис саясатта жетишпей жаткандай сезиле берет. Эл менен сүйлөшө билчү, калың элди артынан ээрчите алган сапаты бар болучу.
Аскер Сакыбаева, журналист
Эрте өтөрүн билгендей. Жакшы, жаманы аралашып калган бул заманда Мелис (Эшимканов – ред.) байке да бир топ кызыкчылыктардын курмандыгы болуп калгандай таасир калтырат. Тирүү кезинде эле "атам да элүүгө чыкпай өлгөн, мен деле элүүгө чыкпайм го" деп айтып калчу, балким эрте өтөрүн өзү билсе керек…
Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты
Мени журналистикага үйрөттү. 1992-жылы студент кезимде келдим. Бизге эркин журналистика эмне экендигин тааныткан, такшалткан, үйрөткөн редактор болду. Кийин парламентте 2005-2007-жылдары бирге иштедик. Саясатта да өзүнүн орду бар адам эле. Депутат катары оор учурда иштештик, бетке таамай айта билген депутат катары көбүнүн эсинде калды.
Чолпон Орозобекова, журналист, конфликтолог
Эшимкановдун ордун эч ким баса алган жок. Журналистикадагы орду толгус экени ал каза болгондон кийин канча жыл өтсө да билинип жатат. Адамгерчиликтүү жетекчи болучу. Анын мүнөзүндөгү карама-каршылыктуу жактарын айтып сындагандар бар, бирок мен үчүн позитивдүү жагы эсте калды. Азыр эл аралык басылмалар, радиолор журналисттерди тарбиялап жатат. Бирок бир дагы жеке журналист ал кишидей болуп жаштарды тарбиялап, жогорку деңгээлдеги гезитти чыгара албады.
Султан Раев, Маданият жана тарых жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси
Демократиялык прессанын феномени. Достору аны кыргыз сөз эркиндигинин башатында турган адам катары баалайбыз. 90-жылдары эгемендүүлүк алгандан кийин демократиялык прессанын феномени болуп калды. Эшимканов сөз эркиндигине болгон мамилесин калтырып кетти. Анын мыктылыгын баары, анын ичинде душмандары да билчү, ийменишчү, баа беришчү.
Мамат Сабыров, журналист
Натурасы, кан-жаны менен реформатор болучу. Эшимкановду авантюрист деп калышат, бирок ал авантюрист эмес, реформатор десе туура болот. Эски стереотип менен калыптанып калган нерселер менен жашаганды жактырчу эмес. Консерватордук көз караштагы кишилерге жасагандары авантюрадай сезиле берчү. 1989-жылбы же 1990-жылбы так эсимде жок, авантюра жасап, талапкерлигин койбой эле жок жерден редактор болуп калган. Ошо кездеги гезиттерде "түндүктөн түшкөн редактор" деген атка конгон. Анан комсомолдук гезитти менчиктештире коюп, атын өзгөртүп жиберген. Аны да бир катарлары авантюра катары кабыл алды.