БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. "Чокуга чыгабыз" деген жаратылышта эс алууну жактыргандардын тобу 4240 метр бийиктиктеги Бокс чокусуна чыгышканын экстремалды жакшы көргөн Азиза Мурзашова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
© © Азиза Мурзашова
Анын айтымында, Ала-Арча капчыгайындагы чокуга алар 11-сентябрда чыгып, ал жактан Кыргызстандын гимнин аткарышкан. Мурзашова тоого чыгып, жаратылыш койнунда эс алууну каалагандардын чакан тобу капысынан эле уюшуп калганын белгиледи.
Биринчи жолу алар 11-июлда Мугалим чокусуна чыгышкан, августта Комсомол чокусун багындырышкан. Топто 20 киши бар.