Өмүрбек Бабанов: биздин фракция коалицияга кирүүгө даяр
"Биз силердин ынтымакка келишиңерди күтүп отурабыз. Принципиалдуу позицияңар болсо, коалициядан чыккыла. Бирок комитеттин төрагасын талашып жатып коалициядан чыгып кетүү — бул уят. Буга чейин бири-бириңер менен бөлүшүп, калыс болгон жоксуңар. Биздин позицияга дал келсе, өлкөнүн келечеги үчүн коалицияга кирүүгө даярбыз", — деди Өмүркулов.
Ал Өмүрбек Текебаевге кайрылып, адамдын жеке өзүнө асылбай, саясий аренада күрөшүүгө чакырды.