БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. "Тазалык" ишканасы шаардагы аялдамаларды жана жолдорду жууп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриядан билдирди.
"Учурда Байтик баатыр көчөсүндөгү аялдамалар тазаланып жатат. Буга чейин Жибек Жолу, Чыңгыз Айтматов проспектилери жана Фучик көчөсү, Жаш Гвардия бульварындагы аялдамалар жуулган", — деп айтылат маалыматта.
Аялдамаларды тазалоо үчүн күн сайын атайын 11 унаа жана 2 трактор тартылган.