БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча коомдук талкуунун убактысы бүткөндүгүн Sputnik Кыргызстан агенттигине КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.
Белгилей кетсек, КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика-Ата-Журт" фракциялары референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөргөн.
"Коомдук талкууга бөлүнгөн убакыт соңуна чыкты. Сунушталган өзгөртүүлөр Жогорку Кеңешке киргизилет. Ал эми аны кабыл алууга бир канча убакыт кетиши мүмкүн", — деди Өмүркулов.
"Эгерде Конституцияны өзгөртүүнү каалаган азаматтар үчүн кыргыз журту бул президенттин аппараты менен КСДП фракциясы болсо анда талкуу соңуна чыкты. Бирок коомду ар ким ар кандай түшүнөт. Мен үчүн кыргыз коому бул алты миллиондон ашуун эл. Жалпы эл эмес, Жогорку Кеңештеги 120 депутат да талкууга катыша элек", — деди Мадумаров.
Ал эми серепчи Алмазбек Акматалиев аз да болсо талкуу болгондугун билдирди.
"Чынын айтканда коомдук талкуу болду. Бирок уюшкан түрдө эмес, чар-жайыт болуп калды. Негизи Конституцияны өзгөртүүнү каалагандар коомдук талкуу уюштуруусу керек эле. Бул жерде каршы чыккан жарандык коом тегерек столдорду уюштурушту. Бирок талкуу жетишсиз болуп калды. Акыркы варианты кандай болгонун коомчулук билбей деле калды",— деди Акматалиев.
Ал Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандардын аргументтери жоопсуз калгандыгын кошумчалады.
Экс-министр Исмаил Исаков эл арасында ачык-айкын талкуу болбогонун, андыктан айрым беренелер түшүнүксүз бойдон калгандыгын айтат.
"Мурункудай чоң талкуу болду деп айтууга болбойт. Талкуу ар бир райондордо, облустарда болушу керек эле. Анан ошол ЖМК аркылуу элге жеткирилиши керек болчу. Демилгечилер кандай сунуштар түшкөнүн, талкуу учурунда эмне өзгөртүүлөр болгонун айтып чыгышпайбы. Деги эле депутаттардын мындай демилге көтөрүүгө укугу жок", — деди Исаков.
"Менин оюмча коомдук талкуу максатына жете элек. Оппозиция чыгып, эл бир жаңсыл болгон жок. Шашпаса туура болот эле. Жеке мен Конституцияны өзгөртүү боюнча ишеним арттыра турган ынанымдуу аргументтерди көрө албадым", — деди Сариев.
Ал эми дагы бир серепчи Тамерлан Ибраимов талкууларга демилгечилер келбей коюп жатканын белгилейт.
Ал талкуу учурунда кайчы пикирлер көп болгондугун айтып, эч бир орган сунуштарды эске албагандыгын, андыктан депутаттар баарын өзүлөрү чечип жатканын кошумчалады.
Анткен менен Бакыт Бакетаев кызыккандардын баары керектүү маалымат алды деген ойдо.
"Маалыматты 100 пайыз элге жеткирүү мүмкүн эмес. Андыктан жаңы өзгөртүүлөргө кызыкдар адамдар таанышып чыкты деп ойлойм. Мисалы, мен кызыкдар адам катары дароо окуп чыгып, кат аркылуу өзүмдүн пикиримди демилгечилерге билдирдим. Анткен менен калайык калк кеңири таанышып чыкты деп айта албайм", — деди Бакетаев.
"Мыйзам боюнча коомдук талкуу 30 күн болушу керек. Андыктан талап боюнча коомдук талкуу бүттү. 30-июлда илинген мыйзам долбооруна бир айдан ашты. Мындан сырткары, коомчулуктагы башкы темага айланышы талкуу болгондуктан кабар берет. Саясатка аз да болсо саресеп салгандардын баары эле кабардар болду", — деди Момбеков.
"Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына илинери менен ар кыл талкуулар уюштурулуп жатты. Мен акыйкатчы катары бир ирет талкууга катыштым. Мындан тышкары, каалоочулар пикирлерин кат аркылуу да жөнөтүп жатышты. Акыйкатчы институту да өз пикирин билдирип кат жөнөткөн. Эксперттик топ биздин сунуштарды эске алып, айрым өзгөртүүлөргө барышты. Бул демилгечилер коомдук пикирге кулак түрүп жатат дегендик", — деди Оторбаев.
Белгилей кетсек, буга чейин депутат Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаева баштаган убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесине каршы чыгышкан.