БИШКЕК, 13- сен — Sputnik. Россия Кыргызстандагы жакыр үй-бүлөлөрдүн абалын жакшыртуу боюнча программаны 2022-жылга чейин каржылайт. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев маалымат жыйында билдирди.
"Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан 2008-жылдан баштап гуманитардык жардам көрсөтүлүп келген. Бирок эл буга көнүп алгандыктан, 2014-жылдан баштап, азык-түлүк үчүн коомдук пайдалуу иштерди аткарып берүү саамалыгы киргизилди. Бул программага 220 миң адам катышат, ал эми долбоордкн мөөнөтү узаргандыктан катышуучулардын саны 330 миң адамга өсөт", — деди Базарбаев.
Кыргызстандагы Россиянын элчиси Андрей Крутько долбоордун экономикалык таасири жөнүндө айтып берди.
"572 чакырым ирригациялык тармак калыбына келтирилип, 47 миң гектар айыл-чарба аймактары ишке берилди, ар бир катышуучу 225 килограмм байытылган ун жана 20 литр өсүмдүк майын алды", — деп кабарлайт элчи.
Базарбаевдин айтуусунда, бул долбоор 2018-жылы аяктап, жаңы программа 2018-2022-жылдары башталмакчы.
Элчи Крутько Кыргызстан Россия үчүн региондогу негизги өнөктөш экендигин белгиледи. РФ — Кыргызстандын эң ири донору болуп саналат: 2008-жылдан баштап БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Россия тараптан 50 миллиондон ашык каражат бөлүнгөн.