Бейшемби күнү кечинде Ысык-Көлдө Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндарынын жабылыш аземи өттү. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун айтымында, Оюндар көчмөндөрдүн өткөн чагы, учур чагы жана келер чагы кез келген аянтча болуп калды.
"Көчмөндөр оюндарын 800 миллионго чукул адам көрдү. ЖМКнын 500 өкүлү иш-чараны чагылдырды. Анын бир бөлүгү чет жактан келгендер", — деди премьер-министр.
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары 62 өлкөдөн келген спортчулардын катышуусунда өттү. Жалпысынан улуттук спорттун 26 түрү боюнча 387 медаль ойнотулду. Анын 111и алтын жана күмүш, 165и коло болду.
Натыйжада Кыргызстан 79 медаль алса, экинчи орунга Россия чыкты. Казакстан 3-орунду камсыз кылды. Көчмөндөр оюну Олимпиада оюндарынын уникалдуу аналогу. Биринчи ирет 2014-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп, анда Кыргызстан, Азербайжан, Белоруссия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Россия командалары катышкан.

Чолпон-Атада 62 өлкөнүн желеги желбиреди

Оюндар көчмөндөрдүн өткөн чагы, учур чагы жана келер чагы кез келген аянтча болуп калды...

Кыргыз ырчысы Омардын мукам добушу жаңырды

Көчмөндөр оюндарын дүйнө жүзү боюнча 800 миллионго жакын адам көрүп турду

Көчмөндөрдүн калканы менен шамшары. Атактуу бийчи Атай Өмүрзаковдун командасы даярдаган бий

Көрүүчүлөрдүн ичине музыканын отун жандырган франциялыктардын Ottawan музыкалык тобу

Көрүүчүлөр кайрадан 80-жылдарга кайтып келип, орто жана улуу муундар
ностальгияга чөмүлдү
ностальгияга чөмүлдү

"Группа 312" тобу жана Ая кыз төркүндөрүнө келип ырдап жатат

Көөдөй караңгылыктагы аппак көйнөкчөн аял

10 миңге чукул адамды сыйдырган ат майданда бут коёрго жер болгон жок

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндарын 2018-жылга чейин жабык деп жарыялоо үчүн сахнага чыгып келе жатат

Жабылыш аземин көз жоосун алган салюттар коштоду
