БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Чолпон-Атадан Бишкектеги "Манас" аэропортуна учуп келген 280 комузчуну шаарга жеткирүү үчүн эч бир транспорт уюштурулбаганын, оюндардын ачылышынан кийин комузчулар эч кимге кереги жок болуп калганын "Айгине" маданий-изилдөө борбору өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Белгилей кетсек, Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында миң комузчу Атай Огонбаевдин "Маш ботой" күүсүн аткарган. Ага өлкөнүн жети облусунан комузчулар келген.
"Манас" аэропортуна келгенден кийин аталган борбордун өкүлдөрү өздөрү маршруттук таксилерди жалдап, Бишкек шаарына алып келгенин тастыкташты.
"Чолпон-Атадан эки рейс келип "Манас" аэропортуна конгон. Биринчисинде 189 бала келсе, экинчисинде жүздөй бала келди. Биз үчүн бөлүнөт деген транспорт келген жок. Өз күчүбүз менен 20дай микроавтобус жалдап балдарды шаарга жеткирдик. Айрым айдоочулар абалыбызды түшүнүп миң сомдон алса, айрымдары эки миң сомго чейин алышты", — дейт борбордун өкүлдөрү.
Эң акыркы балдарды алар түнкү саат тогузга жакын жөнөтүшкөн.
"Айгине" борбору социалдык баракчасына Көчмөндөр оюндарынын катчылыгындагы жооптуу кишилерге чалганы менен эч кандай чара көрүлбөгөнүнө нааразы болгонун жазышкан.
Белгилей кетсек, 1000 комузчу өлкөнүн ар бурчунан чогулган өнөрпоздор болгон.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы бул боюнча түшүндүрмө даярдап жатканын билдирди.
3-сентябрда башталган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат. Анда улуттук спорттун 26 түрү боюнча 62 мамлекеттен спортчулар күч сынашат.