БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Чүй облусунда жер титирөө болгонун ӨКМ билдирди.
Силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 10.49да катталган. Анын күчү 12 баалдык шкала боюнча 3 баллды түздү.
Жер титирөөнүн очогу Панфилов айылынан түштүк-батышты карай 3, Орто-Арык айылынан 6, Кара-Балта шаарынан 20 жана Бишкектен 80 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Жабыркагандар болгон жок.