БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Жекшемби күнү Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары "Үмүт — Надежда" реаблитациялык борбордун балдары менен жолукканын Футбол федерациянын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 6-сентябрда Бишкек шаарында Кыргызстан менен Филиппин мамлекеттеринин курама командалары жолдоштук беттеш өткөрөт. Ал мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналат. Мындай демилгени Футбол федерациясы менен БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) көтөргөн.
"Балдар футболчуларды жылуу маанайда тосуп алышып, чакан концерт тартуулашты. Ар бир бала концертте өтө дыкат даярданыптыр. Өзгөчө кара жоргону бардыгы бийледи, четте калган эч ким болгон жок", — деп айтылат маалыматта.
Андан кийин футболчулар балдарга топ тебүү боюнча өнөрлөрүн көрсөтүп, эми беттеште жолуга тургандыктарын айтышты.
Балдардын бул реаблитациялык борбору 26 жылдан бери иштеп келет.