00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
16 000 сом сый акы же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу. Мыйзамсыз курал алып жүрүүдө мыйзам эмне дейт?
11:05
40 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Максимальный репост
Археология, музеи и кражи: кто охраняет прошлое
12:04
41 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жүрүү тартибин легалдаштырууда ЕАЭБ жарандарына жеңилдиктер бар
15:04
40 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Личный интерес
Победа с масштабом ЕАЭС: студент КРСУ признан лучшим на международном конкурсе
16:04
42 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Көз мончок
Студенттер жайкы эс алууда эмне менен алектенишет?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Тема дня
Что ждать от форума ЕАЭС в Минске: экономика, бизнес, перспективы
18:05
40 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Туяк
Алыкул менен Мидиндин мамилеси жакшы болгон. Куйкум сөздү Мидин Алыбаевден “чоңдор” эмнеге чочулаган?
19:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жүрүү тартибин легалдаштырууда ЕАЭБ жарандарына жеңилдиктер бар
21:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Против смога — дымоходами: в Кыргызстане обсуждают российские технологии очистки воздуха
08:04
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
IV Евразия экономикалык форуму — ири иш-чарага Кыргызстан кандай даярданууда?
09:04
40 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ысык-Көлгө поезд менен - “Кыргыз темир жолу” кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Максимальный репост
Цифровая торговля без границ: новый вектор развития для ЕАЭС
12:04
43 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Гипертониялык жана жүрөк оорулуулар ысыктан кантип туруштук бере алышат - кардиолог менен маек
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Без виз и с правом на работу: что даёт статус «Мекен-карт». Разбираемся в деталях
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Өлкө экономикасын өстүрүүдө илимдин иши кандай жүрүүдө?
17:04
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как Кыргызстан меняет правила игры для иностранных бизнесменов
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:08
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Лето, жара и отравления: санэпиднадзор закрывает точки общепита
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гипертониялык жана жүрөк оорулуулар ысыктан кантип туруштук бере алышат - кардиолог менен маек
21:04
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Москвадагы өрт: күлгө айланган документтер жана ара жолдо калган мигранттар

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүРоссиянын өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Россиянын өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва шаарындагы өрт 14 кыргызстандыктын өмүрүн алып бир өксүтсө, аман калгандардын документтери жоголуп, кайгынын үстүнө кайгы кошулуп турган чак.

БИШКЕК, 2-сен.— Sputnik. Москва шаарында жайгашкан басмаканадагы өрттөн документтерин жоготкон кыргыздардын көйгөйү чечилбей жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине мигранттардын бири Сайкал Оморбек кызы айтып берди. 

© Фото / Сайкал Оморбек кызы Москва шаарында жайгашкан басмаканадагы өрттөн аман калгандардын бири Сайкал Оморбек кызы
Пожар на складе в Москве - Sputnik Кыргызстан
Москва шаарында жайгашкан басмаканадагы өрттөн аман калгандардын бири Сайкал Оморбек кызы

27-август күнү Москва шаарынын түндүк-чыгыш аймагындагы Алтуфьевск шоссесинде жайгашкан "Печатный экспресс" басмаканасында өрт чыгып, анда иштеген Кыргызстандын 14 жараны каза болгон. Алар 17ден 45 жашка чейинки кыз-келиндер болуп чыкты.

Кырсыктан аман калгандардын бири Сайкал өрт чыккан басмаканада төрт жылдан ашуун иштеп, жайкысын эс алып келүү үчүн Кыргызстанга келген. Каргашалуу окуяга 14 күн калганда Москвага барып басмаканадагы жумушун улаган. 

"Мен 26-август күнү кечки сменге чыккам. Таң атып, эртең мененки сегиздер чамасында иштеген жеримди шыпырып жаткам. Ошол учурда смен алмашуу болуп кыздар кийим алмаштыруучу бөлмөдө болчу. Аңгыча эле өрт деген ачуу кыйкырык угулуп, баарыбыз эшикке жөнөдүк. Шок болуп калгандыктан башкаларга кыйкырууну деле ойлобоптурмун. Бирок байкелер кыйкырып жатышкан, кыздар укпай калды окшойт. Анан эле заматта өрт күч алып, кыздарыбыз ууланып калышты", — деди Сайкал Оморбек кызы. 

Ал аман калгандардын бир нечесинин доументтери жоголгонун билдирди. 

Москвада өрттөн каза болгондордун жакындарына жардам көрсөтүү - Sputnik Кыргызстан
Көп түкүрсө көл болот. Москвада өрттөнгөндөрдүн жакындарына каражат чогулууда
"Мен учурда чет элдик паспортумду тергөөчүлөрдөн алып келдим. ID-карта менен миграциялык карточкам жок болуп жатат. Кечээ Кыргызстандын Россиядагы элчилигине кайрылсак, ID-картаны Кыргызстандан гана жасатуу мүмкүн экенин айтты. Буга чейин ID-карта менен катталганымды айтып, мындан ары эмне кылышым керектигин сурасам, Россиянын мыйзамы боюнча өлкөдөн чыгып кайра кир дешти. Айлыгымды ала элек болгондуктан эмне кылышты билбей турам. Жол кире, батир акысын да төлөшүм керек", — деди Сайкал.

Өрттөн аман калып, документтерин жоготкондордун бири Наралы кызы Жаңыл бүгүнкү күнгө чейин коркуу сезимдери тарай электигин айтты. 

"Менин ID-картам жоголду. Ал өрт чыккан басмаканын ичинде болчу, күйүп кетти окшойт. Миграциялык каттоодон ошол паспортум менен өттүм эле. Элчиликке кайрылсам керектүү документтерди толтуруп келсең, кайра паспорт алууга жардам беребиз дешти", — деди Жаңыл Наралы кызы.

Аталган суроо боюнча Кыргызстандын Россиядагы элчилигине кайрылганыбызда маселе чечилип жатканын айтышты. 

Юрий Лугвин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада өрттөн кыз-келиндерди куткарган орус жигит: кыргыздар мага туугандай
"Бизге өрттөн аман калып, документтерин жоготкондор бүгүнкү күнгө чейин кайрылып жатышат. Элчиликтин юристтери баарын жылуу кабыл алып, колдон келген жардамын беришүүдө. Кыргыз жарандарынын документтерин жакынкы аралыкта бүткөрүп беребиз", — деди элчиликтин маалымат кызматынын жетекчиси Гулбарчын Байымбетова. 

Ал өрттөн жабыркап ооруканага түшкөн үч кыргызстандыктын экөө ооруканадан чыккандыгын айтып, учурда алардын бири Кыргызстанга учуп кеткенин билдирди. Ал эми ооруканада жаткан Калбай кызы Кызбурактын абалы дурус экенин кошумчалады. 

Ал эми Москвадагы аксакалдар кеңешинин мүчөсү, "Кыргыз биримдиги" коомунун жетекчиси Абдыганы Шакиров документи жоголгон мекендештерге сөзсүз жардам берилерин айтты. 

"Биз буга чейин өрттөн аман калгандар менен жолугуп, көйгөйүн угуп келдик. Айрымдары ошондо эле кайрылышкан. Бул жактагы кыргыз диаспоралары аларды көчөгө таштабайт. Буюрса 4-сентябрда Москвадагы кыргыздар түлөө өткөрөбүз. Ошондо буга чейин элден чогулган каражаттарды каза болгондордун жакындарына таратып, документин жоготкондорго да жардам беребиз", — деди Шакиров.

Белгилей кетсек, өрттөн каза болгондордун жакындарына деп Москвадагы кыргыздар атайын каражат чогултуп жатышат. 

Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков спикердин фондунан каза болгондордун жакындарына 1 миллион сом бөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0