Апта ирмеми: Москвадагы өрттөн Италиядагы зилзалага чейин
Апта ирмеми: Москвадагы өрттөн Италиядагы зилзалага чейин
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттиги өткөн жумада дүйнөдө болуп өткөн эң маанилүү жана кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүн тартуулайт. 29.08.2016, Sputnik Кыргызстан
Москвадагы басмаканада чыккан өрт, Индиядагы суу ташкыны менен Италиядагы жер силкинүүнүн кесепеттери, Афганистандын борборундагы америкалык университетке болгон куралдуу чабуул, Стамбулдагы Босфор кысыгына курулган жаңы көпүрө, Бишкекке Кытайдан келген маданий кербен, Европанын эң мыкты футболчусун тандоо жана Москвадагы эл аралык автомобилдик салондун ачылышы сыяктуу окуялар Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүндө.
Москвадагы басмаканада чыккан өрт 17 адамдын өмүрүн алды. Анын 14ү кыргызстандык жаран экени белгилүү болду. Дагы үч адам оор жаракат менен ооруканада жатат. Бишкек менен Москвада маркумдарды эскерүү акциясы өткөрүлдү. Президент Алмазбек Атамбаев 29-августту аза күтүү күнү деп жарыялады.
Шаршемби күнү Афганистандын борборунда жайгашкан америкалык университетке куралчак адамдар кол салышты. 10 сааттан кийин полиция кызматкерлери эки кылмышкерди жан таслим кылды. Акыркы маалыматтарга караганда чабуулдун айынан 16 адам каза таап 55и ар кандай жаракат алган. Бир дагы террористтик топ кылмышты мойнуна алган жок.
Кабулда өткөн бодибилдинг боюнча таймаштын катышуучусу. Бодибилдинг Афганистандагы спорттун эң популярдуу түрү болуп эсептелет. Бул спорттун түрүнө 1996-2001-жылдар аралыгындагы талибдердин режиминде дагы тыюу салынган эмес.
"Реал Мадрид" испан клубунун португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду 2015-2016-жылдагы Европанын эң мыкты футболчусу атыкты. Бул наамга үч спортчунун талапкерлиги каралган. Алар Криштиану Роналду, валлийлик Гарет Бейл жана франциялык Антуан Гризманн. UEFA уюмунун 55 улуттук ассоциациясынын 55 журналисти талапкерлерге өз добуштарын беришкен. Роналду — 40 добуш, Гризман —8 жана Бейл — 7 добушка ээ болгон.
Стамбулдагы Босфор кысыгына үчүнчү көпүрө курулуп, тогузунчу осмон султаны Селим хандын урматына аталды. Көпүрөнүн туурасы 59, узундугу 1 миң 408 метрди түздү. Бул темир жолу менен кошо жасалган дүйнөдөгү эң чоң асма көпүрө болуп калды.
Сингапурда автопилот-таксиси биринчи жолу тесттик режимде ишке кирди. Учурда каттамга алты авто-пилоттук унаа кое берилди. Жакында мындай таксилердин саны 12ге жетет.
Бразилиянын Улуттук конгрессинин алдында уюштурулган акция. Анда катышуучулар Дилма Русефке импичмент жарыялоону талап кылган саясатчыларды элестүү көрсөтүштү.
Бишкекке Кытайдан маданият жана достук кербени келди. Төөлөр коштогон кербен Пекинден 2014-жылы чыгып Улуу Жибек жолун багынтууда. Саякатчыларды улуттук кийим кийген Кыргызстандын эли менен куралданган "баатырлар" тосуп алышты. Бул баатырлардын коштоосунда кербен Ысык-Көлгө жана Баткенге барат.
Москванын Кызыл аянтында "Спасская башня" аттуу аскер оркестринин фестивалы болуп өттү. Көрүүчүлөр заманбап, классика, саундтрек ырларын угуп бий номерлерине күбө болушту.
Израилдеги Тель-Авив пляжында жабык купальникчен аял. Эске салсак, Франциянын премьер-министри мусулмандарга арналган купальник кийип сууга түшүүгө тыюу салууну колдой тургандыгын билдирген.
Индияда ченеминен көп жаан жааганына байланыштуу суу ташкыны болуп, 400 адам каза таап, 500 жаран үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. Кырсыктын айынан Мадхья-Прадеш, Уттаракханд жана Уттар Прадеш штаттары катуу жабыркаган.
Магнитудасы 6,0гө жеткен жер титирөө Италиянын борбордук бөлүгүндө болуп өттү. Акыркы маалыматтарга караганда зилзаладан улам 290 адам каза тапкан. 2,5 миңге жакын адам үйсүз калды.