БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Монакодо Чемпиондор лигасынын 2016-2017-жылдагы тайпалык этабынын чучу кулак кармоо иш-чарасы өттү. Бул тууралуу UEFA сайтында жарыяланды.
Мында Европанын мыктысы болуу үчүн 32 команда ат салышат.
Чучу кулактын жыйынтыгы менен тайпалар төмөнкү командалардан түзүлдү:
- "A": Пари-Сен-Жермен" Франция, "Арсенал" (Англия), "Базель" (Швейцария), "Лудогорец" (Болгария);
- "B": "Бенфика" (Португалия), "Наполи" (Италия), "Динамо Киев" (Украина), "Бешикташ (Түркия);
- "С": "Барса" (Испания), "Манчестер Сити" (Англия), "Боруссия Менхенгладбах" (Германия), "Селтик" (Шотландия);
- "D": "Бавария" (Германия), "Атлетико" (Испания), "ПСВ" (Голландия), "Ростов" (Россия);
- "E": ЦСКА (Россия), "Байер Леверкузен" (Германия), "Тоттенхэм" (Англия), "Монако" (Франция);
- "F": "Реал" (Испания), "Боруссия Дортмунд" (Германия), "Спортинг" (Португалия), "Легия" (Польша);
- "G": "Лестер Сити" (Англия), "Порту" (Португалия), "Брюгге" (Бельгия), "Копенгаген" (Дания);
- "H": "Ювентус" (Италия), "Севилья" (Испания), "Лион" (Франция), "Динамо" (Хорватия).
Европалык башкы турнирдин финалдык бөлүгү 3-июнь күнү Уэльстин борбору Кардиффадагы улуттук стадиондо өтөт.
Ал эми учурда жылдын мыктысы болуп "Реал Мадрид" командасы эсептелинет.