БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Россиянын соту менен тергөө иштеринен качып жүргөн үч кыргызстандык жаран кармалгандыгы тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жарандардын бири жасалма документтерди жасоого шектелсе, экинчиси уурулук, үчүнчүсү таяктоо боюнча айыпталып жатат.
Учурда текшерүү иштери уланууда.