БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясы мүмкүнчүлүгү чектелген 130 баланы Ысык-Көлдө эс алдырып келди.
Аталган кадам Бишкек мэриясы менен биргеликте "Оберег" коомдук уюму тарабынан ишке ашырылууда.
"Бишкектин төрт районунан чогулган мүмкүнчүлүгү чектелген 130 бала эс алуудан сырткары, ар кыл медициналык терапиядан өттү", — деп айтылат маалыматта.
Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн мэриядан 480 миң сом каралып, балдар Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Кажы-Сай айылында эс алып кайтышты.