БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Ош облусуна жөнөп кеткендигин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Иш сапардын алкагында Жээнбеков облустагы курулуп жаткан объектилердин абалы менен таанышып, 2015-жылы жер титирөөдөн жабыркаган Чайчи кыштагынын тургундары менен жолугат.
Мындан сырткары, премьер-министр Барак эксклавынан көчүп келген Кара-Суу районундагы Беш-Үй айылынын жашоочуларына кезигип, жергиликтүү калктын көйгөйүн угат.