"Манас" аэропортуна кеткен жолду начар курду делген "Грант-Старт" тууралуу 7 факты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЭл аралык "Манас" аэропортуна кеткен унаа жолдун курулуш иштери. Архив
Эл аралык Манас аэропортуна кеткен унаа жолдун курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек — "Манас" аэропорту жолун кайра куруу иштери 20-августка жакын аралыкта бүткөрүлөт. Буга чейин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мындай жолду кабыл алуу уят экендигин айткан.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Эл аралык "Манас" аэропортуна кеткен унаа жолдун курулушунан кемтик табылып, кайра куруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жол чарба департаментинин башчысы Керим Бозалаев билдирди.

Жээнбеков Бишкек — Манас аэропорту жолун жасагандарга сөөмөй кезеди - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Бишкек — "Манас" аэропорту жолун кайра жасатмай болду
Эске салсак, буга чейин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков стратегиялык мааниси бар Бишкек — "Манас" аэропорту унаа жолу айыл менен райондун деңгээлине дагы жетпей калганын айтып сындаган. Өкмөт башчы мындай жолду кабыл алуу уят экендигин айтып, Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаровго сөгүш жарыялаган

Транспорт жана жолдор министрлигинин берген маалыматына караганда эл аралык "Манас" аэропортуна кеткен жолду жасоо үчүн "Технотоп" жоопкерчилиги чектелген ишканасы тендерди жеңип алган. Анын жардамчылары катары "Грант-Старт" жана "Мостдорстрой" ишканалары болуп эсептелет. 

Жол чарба департаментинин башчысы Керимкул Бозалаев жол курууда кеткен кемтикке "Грант-Старт" ишканасы күнөөлүү экенин ырастады.

"Жолдун начар салынып калынышына "Грант-Старт" компаниясы айыптуу экени белгилүү болду. Кемтиктер ар кайсы тилкеде, жалпы үч чакырымда байкалды. Учурда ошол жерлердеги асфальт толугу менен сыйрылып, кайра жасалып жатат. Чыгымды компания өзү көтөрмөй болду. Алардын маалыматы боюнча 20 миллион сомдун тегерегиндеги каражат жумшалганы жатат", — деп билдирди Бозалаев. 

Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия шаардын 49 көчөсүнүн капиталдык ремонтун баштаганы турат
Департаменттин башчысынын берген маалыматына караганда стратегиялык маанидеги жолдун курулуш иштери 20-августка жакын толугу менен бүткөрүлөт. 

Баса, жолдун курулуш иштерине мамлекеттик бюджет менен капиталдык салымдардан 954 миллион сом бөлүнгөн. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги эл аралык маанидеги жолду курууга жоопкерчиликсиз мамиле жасады делген "Грант-Старт" жоопкерчилиги чектелген компаниясынын таржымалына кызыгып көрдү. 

  • Грант-Старт компаниясы 2013-жылдан бери иштеп келет. 2014-жылы Юстиция министрлигинен кайрадан каттоодон өткөн. Ишкананын жетекчиси — Гүлнара Кулмашева аттуу жаран. Компаниянын негизги багыты — унаа жолдорун куруу болуп эсептелет;
  • Ишкана 2013-жылдын апрель айынан үстүбүздөгү жылдын август айына чейин (үч жылдын ичинде) 121 тендер утуп 626 миллион 742 миң 927 сом же 9 миллион 216 миң 807 доллар тапкан (доллардын бүгүнкү наркы менен эсептелди);
  • Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган тендерди 32 жолу уткан;
  • Прокуратура Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы менен "Грант-Старт" компаниясы жолдорду курууда чыгымдарды 500 миң сомдон ашык көрсөткөнүн 2015-жылы аныктап чыккан. Натыйжада чыгымдар бюджетке кайтарылып, күнөөлүү кызматкерлерге дисциплинардык чаралар көрүлгөн;
  • Кыргызстандагы уюмдарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) Жалал-Абад облусундагы Булак-Башы айылына фельдшер-акушердик пунктун (ФАП) курууга тендер жарыялаган. "Грант-Старт" компаниясы жол куруу багытында адистешсе дагы аталган тендерге катышып көрүүнү чечип, башка сегиз катышуучудан айырмаланып эң жогорку сумманы көрсөткөн. Натыйжада "Квалификациялык талаптарга жооп бербейт" деген жүйө менен тендерден четтетилген;
  • Балыкчы — Корумду жолун курууга жарыяланган тендерге "Грант-Старт" компаниясы "Технотоп", "Мостдорстрой", "ЛТ Трейдинг компани" ишканалары менен биригип катышкан. Бирок жеңишке жеткен эмес;
  • Анткен менен Бишкек — "Манас" аэропорту стратегиялык маанидеги жолун курууга жарыяланган тендерге "Технотоп", "Мостдорстрой" компаниялары менен бирге катышып жеңип алышкан. Бирок курулуш иштерине шалаакылык менен мамиле жасагандыгы үчүн кайра куруу иштери жүрүп жатат. Кемтик кеткен жерлерди оңдоого "Грант-Старт" ишканасы 20 миллион сомдун тегерегиндеги каражат жумшайт. 

Маалыматтар Салык кызматы, Юстиция министрлиги, Ачык бюджет жана Мамлекеттик сатып алуулар порталынан алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0