БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Нью-Йорк шаарында өтө турган БУУнун Башкы ассемблеясынын 71-сессиясына барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди жана президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковду кабыл алып, анда кыргыз делегациясынын аталган сапары сүйлөшүлгөн.
"Жолугушуу учурунда президент баштаган кыргыз делегациясынын Нью-Йорк шаарында өтө турган БУУнун Башкы ассемблеясынын 71-сессиясына катышуусу талкууланды", — деп айтылат маалыматта.
БУУнун Башкы ассемблеясынын кезектеги сессия 13-сентябрда башталат.
Мындан сырткары өлкө башчы сентябрь айында Бишкекте өтө турган КМШ президенттеринин саммитине жана Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдыктар тууралуу маалымат алды.