БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Тубаса жүрөк оорусу менен жабыркаган кыргызстандык беш бала Германияда дарылана тургандыгы тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда балдар кыргыз-герман дарыгерлери тарабынан Талас облусунан тандалып алынган.
"Германияда бейтаптардын ден соолугун калыбына келтирүүгө бардык күчтөр жумшалат. Буга байланыштуу балдар мекенге жарым жылдан кийин кайтып келишет. Аларды пластикалык хирург Бактыбек Өмүрзаков коштоп барат", — деп айтылат маалыматта.
Мындай иш-чара "Бирге ден соолукка" коомдук фондунун колдоосунун негизинде ишке ашып жатат. Фонд шал оорусуна чалдыккан балдарга жардам көрсөтүү максатында 2011-жылы түптөлгөн. Кыргызстан мындай демилгеге 2013-жылы кошулуп, 2016-жылга чейин жалпы 26 бала дарылоого чакырылган. Алардын экөөнө экинчи ирет операция жасалган. Натыйжада мекенге 20 бала дени сак болуп кайткан.