БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. 11 жаштагы Кыргызстандык Вероника Инкико Россиянын Крым аймагында өтүп жаткан балдардын "Жаңы толкун" эл аралык музыкалык сынагына катышып жатат. Бул туурасында кыргызстандык эстрада ырчысы Гүлнара Тойгонбаева маалымдады.
Инкико сынактын биринчи күнү британиялык ырчы Jessie J аткарган "Who's Laughing Now" аттуу ырды эл алдына алып чыкты. Ал эми бүгүн "Сенсация " аттуу чыгарманы ырдады. Кечинде конкурстун жыйынтыгы чыгып, ал гала-концерт менен аяктайт.
"Бүгүн Вероника диапазону кенен чыгарманы ырдап чыгат. Ырды аткаруу абдан кыйын",— деди ырчы Тойгонбаева.
Балдардын талантын баалаган калыстар тобунун башында россиялык композитор Игорь Крутой турат, курамында белгилүү ырчылар Лев Лещенко, Филипп Киркоров бар.
Аталган сынакты атактуу Игорь Крутой өзү негиздеген.