БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Россияда өткөн эл аралык "Волжская капель" сынагында кыргызстандык "Жаш Канат" бий ансамбли баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, "Жаш Канат" ансамблинин балдары маданияттын отличниги Канат Фаткулиндин жетектөөсүндө "Сардал кыз" жана "Тентектер" аттуу эки хореографиялык номер тартуулашкан.
Натыйжада баш байгеге ээ болуп, ушул жылдын октябрь айында Санкт-Петербургда өтө турган супер финалга жолдомо алышты. Андагы байге фонду 500 миң рублди түзөт.