БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматы тосмо дарбазалардын курулуш материалдарын сатып алууга тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда тосмо дарбазалар Чек ара кызматы Айдаркен шаарындагы бөлүмү үчүн алынганы жатат. Анын жалпы баасы 9 миллион 649 миң 821 сомду түзөт.
Көрсөтүлгөн сумма кошумча нарк салыгы жана жеткирүү кызматын эске алуу менен эсептелген.
Тендер 10-августта жарыяланып, мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында аяктайт.