ЕАЭБдеги бир жыл — эксперттер биримдиктин оң жана терс жактары жөнүндө

© Sputnik / Табылды КадырбековЕАЭБге мүчө мамлекеттеринин желектери. Архив
ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туура бир жыл мурун Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулган. Sputnik материалынан ЕАЭБдин чыныгы абалы жана Кыргызстандын кетирген кемчиликтерине саресеп салып көрсөңүз болот.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунда кирген. Бул күнү кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлү алып салынган эле. 

Бир жылдан кийин, үстүбүздөгү жылдын 12-августунда, Сочиде Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары чогулуп, ага КРдин премьер-министри Сооронбай Жээнбеков катышат.

Sputnik Кыргызстан биримдикке кошулуудан күткөн үмүттөр акталдыбы жана өлкө качан "гүлдөгөн турмушка" жетерин эксперттерден сурап көрдү. 

Экономикалык көз караш

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин пикиринде, республиканын ЕАЭБге киришинин оң да, терс да жактары байкалат.

"Кыргызстан саясий жактан артыкчылыкка жетишкени шексиз. Биринчи кезекте биримдикке мүчө өлкөлөрдө иштеп жүргөн биздин жарандарга жакшы таасир этүүдө. Экономикалык жактан да жылыштар бар — айрым азык-түлүк менен дары-дармектин түрү арзандап, айыл чарба продукциясын экспорттоонун мурдагыдан ыңгайлуу шарттары пайда болду", — дейт экономист.

Терс жактары деп ал төмөнкүлөрдү атады: продукцияны Казакстанга алып кирүүгө салынган убактылуу тыюулар, чек арадан өтүүдөгү көйгөйлөр жана айрым экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшү. 

"Негизинен бул көйгөйлөр биримдиктин артыкчылыктарын пайдалана албаганыбыз менен байланыштуу. Биз эмнегедир азыркыга чейин эле сырттан бирөөнүн пайдасын күтүп жүрөбүз. Бирок биримдик мүмкүнчүлүктөрдү берип жатат, балыкты болсо өзүбүз кармашыбыз керек", — деп эсептейт Сарыбаев.

Жумшак токмоктор 

Соода-өнөр жай палатасынын экспортко көмөк көрсөтүү жана логистика боюнча комитетинин төрагасы Кубат Рахимов ЕАЭБге кошулунун натыйжалары үч жылдан кийин гана байкала турганын белгиледи. 

"Албетте, чоң утуш бар — биздин жарандар биримдиктин өлкөлөрүндө гастарбайтер болбой калышты. Ал эми төрт мамлекеттин эмгек рыногундагы артыкчылыктар экономикага да сөзсүз таасир этип жатат", — деди эксперт. 

Президент: 2-3 жылда ЕАЭБ рыногун ээлейбиз - Sputnik Кыргызстан
Президент: 2-3 жылда ЕАЭБ рыногун ээлейбиз
Рахимов биримдикке кошулуунун артыкчылыктары жана өлкөнүн бир топ жеңил шарттарга ээ болуусунан улам экономикалык көрсөткүчтөрдүн кескин төмөндөшү анчейин оо болгон жок деп эсептейт ал.

"Дүйнөлүк каатчылык шартында интеграцияга кошулуу өлкөгө Казакстандагыдай терс таасир эткен жок. Бул абдан маанилүү. Бирок колду жайып отуруп калбаш керек — саясатчылар да, экономисттер да көп иштеши зарыл", — деди Рахимов.

Анын пикиринде, карапайым кыргызстандыктар биримдикке кошулуудан көп нерсе күткөн. Үмүт акталбай калды деген элдин нааразычылыгы биринчи кезекте "көнүшүү-сыйышуу" процессине байланышкан.

"Бул экономикалык биримдик, мындан тышкары дагы эки тараптуу мамилелер бар. Мына ошолорду өрчүтүү керек", — деп жыйынтыктады эксперт.

Саясат таануучунун көзү менен 

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев Рахимовдун интеграциянын үзүрү жөнүндөгү пикирине кошулду.

"ЕАЭБ Евразиянын геосаясий, макроэкономикалык, жана башкысы, социалдык, психологиялык, тарыхый процестеринин табигый уландысы болуп калды. Бирок бак отургузуп коюу жетишсиз, аны багып караш керек. Ошондо гана ал өз жемишин берет. Буга болсо бир-эки жыл жетишсиз", — деп тактады эксперт.

Ал интеграция биримдикке кирген бардык өлкөлөрдүн ишкер коомчулугун ойготконун белгиледи. Кыргызстандык ишкерлер бир эле реэкспорт менен көп киреше таппастыгын түшүнүп, өндүрүштү көтөрө баштады, технологияларга, болгондо да батыштыкына эмес (көп акча талап кылчу), ата мекендик түрүнө кызыгып, жаңыларын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн да колдон чыгарбай калды. 

"Обамага Россияга каршы санкциялары үчүн рахмат айтыш керек. Алар ЕАЭБ өлкөлөрүндө ички кордун өнүгүшүнө чоң түрткү берип, континенттеги интеграцияны күчтөндүрдү. Бул процесстерди мынча чоң рынокко аябай кызыккан Кытай да колдойт", — деди саясат таануучу.

Иштин натыйжасы алакан жайып койсоң эле өзү пайда болбостугун, туруктуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө келиш үчүн тышкы саясатта ырааттуу кадамдарды жасаш керектигин белгиледи ал. 

"Терс учурлар, албетте, жок эмес. Аларсыз кайра калыбына келүү процесси жүрбөйт. Ушул жана чек ара маселелери, экспорт көйгөйлөрү боло турган нерсе. Бирок дал ошол кыйынчылыктар көйгөйлөрдү чечүүнүн ыңгайлуу жолдорун табууга көмөк болот", — деп ишенет саясат таануучу.

Фактылар

Бажы көзөмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия кыргыз продукциясын чек арадан текшерүүсүз өткөрмөй болду
Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы кирген. Ошондон бери эмгек миграциясына тиешелүү мыйзамдардын талаштуу жерлери чечилип, азыр кыргызстандыктар биримдиктин башка өлкө жарандары менен бирдей укукка ээ. 

Жыл жыйынтыгы боюнча каатчылыктарга карабай, Россияда иштеген кыргызстандыктардын саны эки пайызга өстү. КРге акча которуулардын көлөмү 1,5 миллиард долларды түздү.

Өлкөнүн ЕАЭБге киришинин алкагында түзүлгөн Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду түрдүү тармактардагы 340тан ашуун долбоорду каржылоону жактырып, ага жумшалчу каражаттын көлөмү 118 миллион доллардан ашты. Өткөн жылдан бери Чүй облусунда гана аталган фонд насыя түрүндө 1,4 миллиард сом берген. Ошондой эле ал чакан жана кичи ишкердикти өнүктүрүүгө, агрардык секторду каржылоого кошумча 10 миллиард бөлүп берүүнүн үстүндө иштеп жатат.

Үстүдөгү жылдын алгачкы алты айында республикада айыл чарба продукциясын өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 2,7 пайызга өскөн. 

Кыргызстан КМШ жана Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан КМШ менен ЕАЭБ ортосунда эркин соода аймагын киргизүүнү сунуштады
Нефть жана нефть продукциясынын жалпы рыногунун аркасында ЕАЭБ өлкөлөрү көмүр кычкылдарга эркин жетишип калышты. Ошондой эле газдын жалпы рыногун түзүү программасынын түзүмү да жактырылган. Электр кубатынын жалпы рыногун түзүү процесси жүрүп жатат, ал биримдикке мүчө өлкөлөрдүн муктаждыктарын толук канааттандырмакчы. 

ЕАЭБ мамлекеттери биримдик менен Вьетнамдын ортосундагы соода жөнүндө макулдашууну ратификациялады. Казакстандын президенти ШКУ менен ЕАЭБдин ортосунда эркин соода аймагын ачуу сунушу менен чыкты. Ошондой эле Индия менен эркин соода жүргүзүү да каралууда. ЕАЭБ менен соода жүргүзүү ниеттерин АСЕАН өлкөлөрү да билдирди.

ЕАЭБ — 2015-жылдын 1-январында Россия, Казакстан жана Белоруссия өлкөлөрүнүн бажы биримдигинин негизинде евразиялык интеграциянын алкагында түзүлгөн экономикалык биримдик. Ал өзүнө мүчө өлкөлөрдүн ортосунда товарлардын, кызматтардын, капиталдардын жана эмгек корлорунун эркин жүгүртүлүшүн шарттайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0