БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкек шаарында эки киши бийиктиктен кулаганын Тез жардам кызматынын кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.
Маалыматка ылайык, Калык Акиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн 8-кабатынан кулаган 36 жаштагы жаран каза болсо, үйүнүн үч метрлик чатырынан кулап кеткен 56 жаштагы оор абалда ооруканага жеткирилген.
Эки учурда тең окуя болгон жерлерге Тез жардам кызматынын дарыгерлери барышкан.