00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан баткендик балдар

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте телефон суйлошуп аткан аял. Архив
Бишкекте телефон суйлошуп аткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн күнгө шаршемби. Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан сүрөт, Атамбаевдин айткандарына "айгай" салган түрк басылмалары, зарыл ишиң болбосо Зардалыда эмне бар?

Дүрбөлөңгө түшкөн түрк басылмалары. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев түрк министринин "Кыргызстанда да төңкөрүш болушу мүмкүн" деген билдирүүсүнө "бизди коркутуп, акыл үйрөтүүнүн кажети жок" деп түшүндүрмө берген. Атамбаевдин бул билдирүүсүн түрк басылмалары түрдүүчө жазып, өзүнчө эле "айгай" салып жатып калышты. Сыягы түрк туугандар Атамбаевден мындай жоопту күтпөгөн окшойт. Кыргызстан эгемендүү өлкө экенин башкалардын эсине да бир жолу салып койсок ашыкча болбойт.

Баткендин балдары дүйнөгө дүң болду. Instagram социалдык тармагынын расмий аккаунту өзүнүн баракчасына жаш сүрөтчү Эльер Нематовдун Баткендин Исфана шаарынан тартып алган сүрөтүн жайгаштырды. Саналуу сааттар ичинде миллионго жакын "лайк" чогулткан сүрөттө эки кичинекей баланын колго жасалган көпүрөдөн өтүп жаткан учуру тартылып алынган. Алар шаша-буша көпүрөдөн өтүп, бала бакчадагы коштошуу кечесине баратканын айтышты. Бул сүрөттү көрүп, ар бирибиздин айылда өткөн күндөрүбүз бир жолу көз алдыбызга тартылды окшойт. 

Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар. Бул сөздү такай укканыбыз менен Баткенде болбогондор анын маанисин деле түшүнбөсөк керек. Анткени Зардалы жердин түбү экенин ошол жакта жашагандар аябай жакшы билишкендей. Мына ошол тоо арасында, чек арага жакын жайгашкан айылга барчу бир нече көпүрөнү сел алып кетип, айыл тургундары байланышсыз калды. Жөө-жалаңдап, кемпир-чалдар эшек минип эптеп оокат кылып жатканын бул жактан көрүңүз. Сел алган көпүрөлөр жакын арада оңдолуп, айыл эли мурдагыдай каттап калат деп тилек кылалы.

Мандаты жоголбойт. Бир нече күндөн бери социалдык тармакта, эки кишинин башы бириккен жерде эле Конституцияга киргизиле турчу өзгөртүү жөнүндө кеп болуп жатат. Референдум аркылуу киргизиле турчу айрым түзөтүүлөр боюнча депутат болуп шайланып, бирок өкмөт башчы же вице-премьер-министр болуп кеткен депутаттардын орду сакталат экен, эй. Кийин өкмөт башчылыктан ыргыгандар кайта депутат болуп бакыйып отуруп калат экен. Эмне дейбиз, орун майлуу-сүттүү болсун…

Башканы эмес, өзүбүздүн таламды талашкандар керек. Түркиядагы окуялардан кийин Кыргызстанда билим берип жаткан чет элдик окуу мекемелерин тыкыр текшерүү керектигин айрымдар айтып чыгышты.

Саясат таануучу Марс Сариев Кыргызстандагы түрдүү билим берүү мекемелерин аяктагандар кайсыл мамлекет тарабынан каржыланган окуу жайды бүтсө, кийин ошонун таламын талашып калат деген коркунуч бар экенин айтты. 

"Кыргызстандагы түрк окуу жайларын аяктагандар Түркияга, Американын университетин аяктагандар АКШга жана батышка, Кыргызстан — Россия Славян университетин аяктагандар Россияга ыктап, келечекте коомдо пикир келишпестиктер болушу ыктымал. Андыктан Кыргызстандын баалуулуктарын көздөгөн мектептерди, окуу жайларды ачуу керек", — дейт ал. 

Валюта баасы. Аз-аздап көтөрүлүп отуруп бүгүн бир доллар орто эсеп менен 68,10 сом деп бааланды.

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35 сом, ал эми дизель майы 30 сом 50 тыйындан сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Өзүңдү эр ойлосоң, башканы шер ойло.

Агарып аткан таңда амандашып, Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0