БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, премьер-министр же вице-премьер болуп шайланган депутаттардын мандаты сакталат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КСДП фракциясынын лидери Иса Өмуркулов билдирди.
Эске сала кетсек, референдум өткөрүү менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин КСДП, "Өнүгүү-Прогресс", "Кыргызстан" жана "Республика-Ата-Журт" фракциялары көтөрүп чыккан.
"Эгерде долбоор кабыл алынса премьер-министр, же вице-премьер болуп шайланган депутаттын мандаты сакталат. Ал регламент боюнча жыйындарга катышып, добуш берүүгө укуктуу болот", — деди Өмуркулов.
Буга чейин өкмөт башчылыка жана вице-премьерликке келген депутаттар мандатынанан ажыратылып келген.