БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн кен иштетүү боюнча өкмөт аралык ХХ сессиясы өтө турганын Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү боюнча мамлекеттик комитет билдирди.
Жыйын 3-4-августка белгиленген. 2017-жылга чейин кеңешке Кыргызстан төрагалык кылат.
Кеңешке Кыргызстан, Молдова, Белоруссия, Казакстан, Россия, Тажикстан жана КМШнын аткаруу комитетинин мүчөлөрү жана эксперттери катышат.
Мында адистер акыркы эки жыл аралыгында жасалган иштерди жыйынтыктап, доклад угушат. Андан тышкары, чет жактан келген меймандар Кыргызстандын табияты жана маданияты менен таанышып чыгышат.