БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Казакстанга иштөө үчүн бара жаткан 26 жаштагы келин чек арадан кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал кечээ, 1-август күнү "Акжол-автодорожный" өткөрүү пункту аркылуу башка бирөөнүн паспорту менен Казакстанга өтүүгө аракет кылган.
"Кармалган жаран тууганынын паспорту менен чек арадан өтүп, Казакстанга иштөө үчүн бара жатканын түшүндүргөн", — деп айтылат маалыматта.
Тиешелүү документтер толтурулган соң, ал ИИМге өткөрүп берилди.