— Спортчу, анын ичинен балбан болушуңузду ата-энеңиз кандай кабыл алды эле?
— Менин ата-энем — дарыгер адамдар. Атам санитардык дарыгер болуп иштейт, апам болсо менден кийинки инимди төрөгөндөн кийин үй-тиричилиги менен алектенип калган. Атам дагы спорт, футбол күйөрманы, апам жаш кезинде волейбол, баскетболду мыкты ойночу экен. Ошондуктан алар менин спортту тандап алышыма каршы болбой, колдоо көрсөтүп келишет.
— Анан спортко кантип келип калдыңыз?
— Балалык кезимен эле жүрөгүм спортко дилгир эле. Мен спортчу гана эмес, эл аралык жана дүйнөлүк мелдештерге катышып, эл сыймыгы болсом деп кыялданып жүрчүмүн. Бала кезимдеги максаттар орундалып, тилегим кабыл болду.
Биз жашап жүргөн Теңдик айылында күрөш ийрими жок эле. Ошондой болсо дагы жан-дүйнөмо тынчтык бербеген албуут сезим менен өз алдымча машыга баштагам. Айылда спорт аянтчалары жана стадиондор жок болгонуна байланыштуу үй-бүлөбүз менен талаада чуркап, машыгаар элек. Бизде таң эртең менен чуркоо адат болуп калган. Мен 8- класска чейин баскетбол боюнча мектеп курама командасынын капитаны болгом.
— Алгач чыгыш өнөрү каратэ-до менен машыкканыңызды мурда айткан элеңиз, анан кандайча кыз-келиндер эркин күрөшү арбап алды?
— Кочкордо жүрсөңүз мындай ийгиликтер болбойт эле…
— Апам бизди эркиндикте тарбиялап, эч качан "жок" деп айтчу эмес эле. Биз кийинчерээк бир нерсе жасай турган ишти өз убагында кылбаганыбыз үчүн өкүнүп калбай, максаттарга жетүү керектигин айтып, шыктандырып турчу. Мен Нарын шаарындагы мелдештен үйгө келгенден кийин күрөш менен чындап машыгуу үчүн Бишкек шаарына барам дедим. Апам "кыз киши күрөшмөк беле, андай сөздү экинчи мага угузба" деп каршы болот го десем, ал мени колдоп Бишкек шаарына барып, машыгуу керектигин бышыктады.
Ошол учурда республиканын чемпионатына бир жума убакыт калган эле, мен Кыргыз Улуттук университетке караштуу залда машыккам. Бул 2009-жылы биринчи жолку республикалык масштабдагы мелдешке катышып жаткан убакта болгон эле. Ал убакта мен экинчи орунду ээлеп, маанайым чөгүп, айылга кеткем болчумун. Кийинчерээк мени менен машыктыруучулар байланышып, Бишкекке чакырышкан.
— Белгилүү устат Нурбек Изабеков менен кандайча жолуңуз бир болуп калды?
— Спорттун ысык-суугун баштан кечирген айым катары кийин балдарыңызды да чоң спортко бересизби?
— Ооба, спорт деген таалим-тарбиянын чоң мектеби, адам катары калыптандыруунун турмуштук университети. Бирок эгер алардын каалоосу жок болсо, анда "мойнунан байлаган иш ууга жарабайт" дегендей убара болуунун зарылдыгы жок. Мен балдарымды спортко тарбиялоо жана ден соолугун чыңдоо, эл-журт намысына жарап, кыргыз туусун көтөрүү максаты менен берет элем.
— Рио олимпиада оюндарынын алдында катуу толкунданып жатасызбы?
— Сиз менен килем үстүндө мурда жолукпаган атаандаштар дагы барбы?
— Чынын айтсам, ушуга чейин менин деңгээлим атаандаштарыма караганда кичине төмөнүрөөк болчу, эки-үч жыл аралыгында мен өзүмдүн деңгээлимди, чеберчилигимди колдон келишинче жогорулата алдым. Кыргызда "чегирткеден корккон эгин экпейт" деген кеп бар эмеспи.
— Рио олимпиадасына даярдыкты кайсы жерлерде, кандай өткөрдүңүз?
— Биз бул Олимпиада оюндарына даярданып жатканыбызга төрт жыл болду. Олимпиадага бир жыл даярдануу эч натыйжа бербейт. Ошондуктан төрт жыл аралыгында Азия, дүйнө чемпионаттарына, Азия оюндарына, Бүткүл дүйнөлүк студенттердин универсиада оюндарына, лицензиялык турнирлерге жана эл аралык мелдештерге катышып, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп, дурус тажрыйба топтой алдым. Риого даярдык өз кезеги, ирети менен болду.
Акыркы машыгуу Каракол шаарындагы тоолуу жерлерде лыжа тебүү базасында өттү. Ал жер жайында салкын жана жаратылышы да спортчулар үчүн жагымдуу экен. 3-август күнү биз Рио-де-Жанейро шаарына барабыз, ал жакта дагы эки жума даярданууга кетет. Ал жактын дагы жаратылыш шартына көнүп, учурдагы тапты бузбай туруу зарыл. Кыз-келиндер эркин күрөш таймаштары 17-августта башталып, килем үстүндө тагдыр сыналат.
— Спортчу үчүн бош убакыт табылбаган нерсе эмеспи. Антсе да күрөштөн тышкары эмне менен алек болосуз?