БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. "Зеленстрой" ишканасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бекер отун таратат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билидирмеге караганда шаар ичиндеги бак-дарактарды текшерүү учурунда дарактар кыйылган.
"Отундар аз камсыз үй-бүлөлөргө, пенсионерлерге, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге мэриянын алдындагы социалдык өнүгүү башкармалыгы түзгөн тизменин негизинде бекер таратылып берилет", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле сатып алууну каалаган шаар тургундарына арзан баада берилет. Отундун 1 метр кубу 2 миң 230 сомдон сатылат.