Кет Бука – XIII кылымда, Чыңгыз хандын тушунда жашаган акын. Ал тууралуу маалыматтар тектеш элдердин фольклорунда сакталып калган. Эң эле кеңири тараганы — Чыңгыз хандын улуу баласы Жуучунун өлгөнүн атасына угузганы. Падышанын каарынан корккон эл суук кепти айтууга Кет Буканы дайындап, ал комуз күүсү жана табышмактуу ыр менен Жуучунун каза болгонун угузат.
Каймана айтылган саптар маанисинин тереңдиги, салыштыруунун курчтугу менен айырмаланып, акындын анык сөз чебери экенин далилдеп турат.
Алтын болуу ак шумкар,
Алтын боосун тытыптыр,
Айды карап сызыптыр.
Күмүш болуу көк шумкар
Күмүш боосун тытыптыр.
Күндү карап сызыптыр,
Ал эмне болуучу?
Туу түбүндө көк Бука,
Күндү карап өкүрөт.
Алчагай мүйүз, ак эркеч
Айды карап бакырат,
Бул эмне шумдугу?
Асмандан булут сөгүлөт,
Аяктап мөндүр төгүлөт.
Көктөн булут сөгүлөт,
Көнөктөп мөндүр төгүлөт,
Бул эмне шумдугу?..
Ал эми төмөндөгү "Сак бол" деген ыры кыргыз элинин ушу тапта башынан кечирип жаткан турмушун даана чагылдыргандай. Мындан 8 кылым илгери айтканы айткандай дал келген даанышман акындын кеменгерлигине баа бере кое албайсың.
Көгүш тоону кыян жууп,
Көрк бузулат, сак болгун.
Көсөмдөрүң элди алдап,
Көч бузулат, сак болгун.
Өзөгүңө өрт таштап,
Өз бузулат, сак болгун.
Сөөлөтүнөн ажырап,
Сөз бузулат, сак болгун.
Салкын тоону кыян жууп,
Салт бузулат, сак болгун.
Намыс түгөп, ар түгөп,
Нарк бузулат, сак болгун.
Кара тилин калп минип,
Карт бузулат, сак болгун.
Калыс сөзүн айталбай,
Калк бузулат, сак болгун.
Кызыл тоону кыян жууп,
Кырман качат, сак болгун.
Кыз-уланың дүйнө кууп,
Кырдан качат, сак болгун.
Кырды-түздү жат элге,
Кыйган качат, сак болгун.
Кылгылыкты кыргызга,
Кылган качат, сак болгун.
Тулпар тоону кыян жууп,
Тул болосуң, сак болгун.
Кудагыйсыз, кудасыз,
Кун болосуң, сак болгун.
Кубат-күчүң соодалап,
Пул болосуң, сак болгун.
Кудуреттүү элдерге,
Кул болосуң, сак болгун
Сак бол, элим, сак болгун…