БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. КСДП фракциясынын депутаттары Ысык-Көлдүн эли менен жолугарын аталган фракциядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эл өкүлдөрү Иса Өмүркулов, Мухтарбек Айнакулов, Дастан Бекешев, Данияр Аттокуров, Айнуру Алтыбаева, Узарбек Жылкыбаев, Искендер Кадыркуловдор шайлоочулар менен жолугат.
КСДП фракциясынын мүчөлөрү аймактагы көйгөйлүү маселелер менен жеринен таанышууну көздөөдө.
Депутаттардын эл менен жолугушуусу 27-30-июль күндөрүнө белгиленген.