00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Аңсакчы Катулевский: мени сабаган браконьер милиция кызматкери болуп чыкты

© пресс-служба NABUМылтык көтөргөн аңчы. Архив
Мылтык көтөргөн аңчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Браконьерликке жана адамдын саламаттыгына доо кетирүүгө шектелип жаткан милиция кызматкери ден соолугуна байланыштуу иш ордунда жок болуп чыкты. Тергөө иштерин Чүй облустук прокуратура жүргүзмөй болду.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Документи жок мергенчиликке чыгып, егерлерге ок чыгарууга аракеттенди делген жаран милиция кызматкери болуп чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй-Бишкек мергенчилик коомунун төрагасы Евгений Катулевский билдирди. 

Анын айтымына караганда окуя 23-июлда Ысык-Ата капчыгайында болгон. 

Жалал-Абадда күрөң аюунун териси менен бир жаран кармалды
"Менин жанымда дагы эки егерь бар болчу. Бир маалда мылтык көтөрүнгөн адамды байкап калдык. Жанына барып мылтыгына болгон документин сурасак, жок экен. Бизге куралын бергиси келбей, качкан бойдон жөнөдү. Артынан кубалап баратсам, ал мени көздөй ок чыгарды. Бактыга жараша мылтык атылбай калып, октолгон картечь патрондун ичинде калды. Мен ага жетип барып аттын жүгөнүн кармап калсам, мылтыгы менен башка бир нече ирет урганда жыгылып калдым", — деп билдирди Катулевский. 

Мергенчи билдиргендей аталган жаран анын жанындагы аңсакчыларга дагы баш бербестен аты менен качып кеткен. Жабырлануучу шектүүгө каршы милицияга арыз менен кайрылганда, ал Кант райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери болуп чыккан.

"Качып кеткен киши милиция кызматкери экени аныкталды. Мага жеткен маалымат боюнча ал кайсы бир бөлүмдүн начальниги болуп иштейт экен. Мындан улам менин арызым каралбастан, кайра өзүмдү күнөөлөштү. Ал ооруканада жатат деп уктум. Көрсө, ал бизди эмес, биз аны токмоктоп салган имишпиз. Чындыгында ал адам өлтүрүүгө аракет жасаган, огу атылбай калды", — деп белгиледи егерь.

Катулевский учурда Бишкектеги республикалык госпиталда жатканын билдирди. Анын айтымында, дарыгерлер ага баш мээси чайкалган деген диагноз койгон. 

Ал эми окуяга күбө болгон экинчи егерь Калдыбек Сарчаев учурда Ысык-Ата капчыгайында бардык жаныбарларга мергенчилик кылууга тыюу салынганын билдирди. 

"Мергенчиликке ар кандай мезгилде уруксат берилет. Азыр бардык жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салынган учур. Бирок качып кеткен жарандын баштыгында атылган жаныбарлар бар болчу. Ал айып пул төлөгүсү келбей, качып кетти. Ошону менен кайсы жаныбарды атканын далилдей албай калдык", — деп билдирди Сарчаев. 

Ал эми окуяга күбө болгон үчүнчү аңсакчы Алексей Добров менен байланышканда аталган жаран чындыгында качууга аракет жасап, егерлерге катуу каршылык көрсөткөнүн ырастады. 

Кызыл китепке киргизилген сейрек кездешүүчү мадыл жаныбары. - Sputnik Кыргызстан
Нарында табылган Кызыл китептеги мадыл сакталып калды
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Кант райондук ички иштер бөлүмү менен байланышканда браконьерликке шектелип жаткан милиция кызматкери анда кызмат өтөөрүн ырасташты. Бирок ал начальник эмес, нөөмөтчүнүн жардамчысы экенин билдиришти. Учурда ден соолугуна байланыштуу жумушка чыкпай жатканын кошумчалап, окуяга комментарий берүүдөн баш тартты. 

Ал эми браконьерликке жана адамдын саламаттыгына доо кетирүүгө айыпталып жаткан милиция кызматкеринин өзү менен байланышуу үчүн анын уюлдук аппаратына чалганда, жооп берген жок. 

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы ишти Чүй облустук прокуратура карай турганын айтып, тергөө иштери толугу менен бүтмөйүн эч кандай маалымат бере албай тургандыктарын кошумчалашты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0