БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Эл аралык "Манас" аэропортунан Бишкек — Стамбул багыты боюнча каттоо учурунда көзөмөл өткөрүү пунктунан 1993-жылы туулган аял кармалды.
Маалыматка ылайык, 23 жаштагы жаран башка бирөөнүн паспорту менен Түркияга учуп кетүүгө аракет кылган.
Тийиштүү документтер толтурулган соң ал УКМКнын кызматкерлерине өткөрүп берилген.