БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. "Электр станциялары" ишканасы тарабынан көмүр сатып алуу үчүн тендер жарыяланды.
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда ишкана жогорку калориялуу Д, ДГ жана Г үлгүсүндөгү көмүр сатып алуу үчүн 1 миллиард 802 миллион 145 миң сом сарптоону көздөп жатат.
Көрсөтүлгөн суммага бардык кошумча нарк салыктары кошулган.
Тендер 25-июлда жарыяланып, мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 15-августунда аяктайт.