БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматынын алдында мектеп окуучулары үчүн аскердик-спорттук лагерь ачылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Аталган лагерь окуучуларды үч бөлүк менен кабыл алат. Биринчи бөлүккө 30 окуучу тандалып алынды. Аларды окутууга кеткен чыгымды өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү көтөрүүдө.
18-июль күнү башталган лагерь 10 күнгө созулуп, анда чек ара кызматкерлери мектеп окучуларын аскердик ыкмаларга үйрөтүп, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү эрежелерин өздөштүрүшөт.
Мындан сырткары окуучулар "Каркыра" чек ара көзөмөл өткөрүү жайындагы чек арачылардын иши менен таанышат.
Иш-чаранын максаты — мектеп окуучуларын мекенди сүйүүгө, айлана-чөйрөнү коргоого үндөө.