БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 10-июлунда сууга чөгүп кеткен баланын денеси табылгандыгы тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда Ысык-Ата районундагы Төмөнкү Серафимовка айылында тогуз жашар бала сууга түшүп кеткен бойдон табылбай калган.
ӨКМ кызматы билдиргендей, 14-июль күнү саат 9.35 чамасында баланын апасы телефон чалып анын сөөгүн өздөрү тапканын маалымдаган.