БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. КР Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько жолукканын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Жунушалиев КР Ички иштер министрлиги бардык тараптуу байланыштарды чыңдоого кызыкдар экенин баса белгиледи. КРдин ички иштер органдарына техникалык жактан берилген жардамдарга, кадрларды даярдоо үчүн Россиянын аскерий окуу жайларында кыргызстандыктар үчүн квотанын көбөйтүлүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
"Россия менен Кыргызстандын ортосунда байыртадан бери достук байланыштар бар. Биз тыгыз кызматташууга кызыкдарбыз жана көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдиребиз", — деди ИИМ башчысы.
Өз кезегинде Андрей Крутько Кашкар Жунушалиевди жаңы дайындалышы менен куттуктап, эки мамлекеттин кызматташтыгына чоң салым кошоруна ишеним артарын айтты.