БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев казак лидери Нурсултан Назарбаевди бүгүнкү туулган күнү менен куттуктаган телеграмма жолдоду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Атамбаев куттуктоосунда эки өлкөнүн ортосундагы союздук мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоодо Назарбаевдин салымы зор экенин белгилеген.
"Кыргыз-казак өз ара пайдалуу кызматташуусунун бүтүндөй комплексин андан ары өнүктүрүү бир тууган эки элдин түпкү кызыкчылыктарына жооп берет деп терең ишенем", — деп айтылат куттуктоодо.
Президент казак кесиптешине чың ден соолук, бакубат турмуш жана мамлекеттик иштерине ийгиликтерди каалады.
Эскерте кетсек, Нурсултан Назарбаев 1940-жылы 6-июлда жарык дүйнөгө келген.