БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун Кыргызстанда иш алып баруу шарттары жөнүндөгү макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш 25-майда кабыл алган.
Макулдашуу Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун ишмердиги үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, фонддун кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин Кыргызстандагы статусун, берилүүчү артыкчылыктарды жана иммунитеттерин аныктоо максатын көздөйт.
Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.