БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Токмок шаарынын тушунда Чу дарыясынан болжол менен 40-45 жаштагы азият улутундагы эркектин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, сөөк Бишкек — Торугарт айланма унаа жолунун Дунларов көпүрөсүнүн жанынан алынып чыккан. Азырынча маркумдун аты-жөнү белгисиз болууда.
Жансыз денени суудан алып чыккан куткаруучулар аны милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.