Бишкекте чөнтөкчү деп шектелген жаран кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовЧөнтөкчү. Архив
Чөнтөкчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
18 жаштагы тургундун 3000 сомун жана паспортун кымырып алган деп 34 жаштагы киши шектелүүдө.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бишкекте чөнтөкчү деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдирди.

Кат жазуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чукоткалык "маданияттуу" ууру тамак-аш кымырып кечирим сураган кат жазып кеткен
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-июнь күнү 18 жаштагы шаар тургуну №219 маршруткадан 3000 сомун жана паспортун жоготуп алгандыгы тууралуу арыз жазган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү делинип 34 жаштагы калаа тургуну кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран ушундай сыяктуу дагы эки кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0